вторник, 19 мая 2009 г.

Менин илимий устатым да БАКСтын дабдыр экенин билет

Кечээ эрте менен лабораторияда илимий устатым мага келип :You have a very funny president- деп кулот.
Мен тушунбой, тан калып:Why do you think so?-десем,
Aл:You sent me a link yesterday and I watched him dancing...
Ошондо мен ал шилтемени досума жонотом деп адашып устатыма жонотуп алганымды тушундум да : Oh, really? I am sorry I wanted to send it to my friend but somehow, it was sent to you by a mistake-десем,
Aл: It's OK, I enjoyed it. He is a good dancer :)
Мен: No, he is an idiot, stupid president...He is the worst president we ever had...
Aл: Why do you think so? How many years he has been ruling the country?
Мен:Only four years, but I hope he will loose the elections that will be in July.
Aл:So you also have elections every four years?
Мен: No, we have them every five years.
Aл: Then why do you have the elections this year?
Мен: Because the economic and social situation is very bad in Kyrgyzstan...and if the elections will be next year, then the situation will be even worse and he will have even less chances to win. So, he decided to do the elections this year and he hopes to falsify the elections and win the elections...but I hope that he will loose
Aл: Hmmm...
Ушул жерден биз теманы алмаштырдык да озубуздун илимий иштерибиз жонундо суйлошуп баштадык...

воскресенье, 3 мая 2009 г.

Мырк депутаттын айткандары

Мына мындай кабарларды окуп алып согунуп согунуп алгын келет... Корсо Кыргызстандан кетип жаткан адамдардын баары саткындар экен...Ал эми Асылбек Жээнбеков дабдырга окшогон мырктар эн патриот адамдар экен...

Недетские вопросы депутатам (репортаж из Жогорку Кенеша)

28/04-2009 16:43, Бишкек – ИА «24.kg», Артем ПЕТРОВ

Сегодня в парламенте Кыргызстан состоялось необычное событие. Ученики нескольких школ Бишкека пришли в Жогорку Кенеш, чтобы задать вопросы депутатам. Народные избранники (а «держать удар» выпало Ирине Карамушкиной, Асылбеку Жээнбекову и Гульнаре Дербишевой) в течение часа подробно рассказывали юношам и девушкам о том, чем занимается высший законодательный орган страны в целом и депутаты ЖК в частности, какие законы они принимают и как это происходит.

 

Удивительно, но старшеклассников живо интересовали вопросы, касающиеся их будущего, нынешней ситуации в стране, перспектив ее развития. Например, прозвучал вопрос об учителях, почему у них мизерная заработная плата и почему государство не заботится о педагогах. «Я очень хочу стать учителем, но, видя, как они живут, сомневаюсь, стоит ли», - сказала одна из пришедших на встречу старшеклассниц.

 

Почему у нас в стране такая кадровая политика? Как государство решает вопрос трудоустройства выпускников? Почему молодежь уезжает из республики и работает в других странах? Насколько привлекателен Кыргызстан для инвестиций? Как победить коррупцию? Почему продаются наши земли? – вопросы, которые назвать детскими язык не поворачивается, сыпались, как из рога изобилия. Пришлось даже ограничить количество желающих их задать.

 

Депутаты отвечали. Обстоятельно и дотошно, останавливаясь на каждой детали. Да, зарплата у учителей маленькая и желающих работать в школах нет. Молодежь уезжает из республики, но обязательно останутся настоящие патриоты, которые и обустроят Кыргызстан. «Останутся самые лучшие», - подчеркнул Асылбек Жээнбеков. Да, уровень инфляции в 2009 году составит, возможно, больше прогнозируемых 15 процентов из-за мирового финансового кризиса, но в будущем республика обязательно станет богатой.

 

Встреча продолжалась больше часа, после чего подросткам устроили экскурсию по парламенту.     

 

Поверят ли ответам депутатов бишкекские школьники, остается только догадываться.

 

 

URL: http://www.24.kg/parliament/2009/04/28/112978.html

пятница, 10 апреля 2009 г.

Курманбек менен Ак-Жол

Курманбек менен Ак-Жол.
Курманбек кичинекейинде ото тартынчаак болчу. Анын устуно атасы да ото копол мамиле кылчу балдарына, ар-дайым кичинекей кымындай катачылык үчүн балдарын аябай сабачу. Атасы күн сайын мас болуп келип эч себепсиз жерден апаларын тепкилеп кирчү, апалары оозу-мурду кан жалап атасынын зөөкүрчө муштумдарынан ээси-ооп калганда кезек балдарын сабамайга келчү. Дээрлик ар-бир күн ушундай өтөөр эле. Ушундай шарттарда жашаган кичинекей Курманбек өтө тартынчаак болуп өстү. Ошон учун анын достору да аз эле. Теңтуш балдардын баары анын үстүнөн күлүп, аны мазактап өз катарларына кошушпайт эле. Бүт ызааларын жана өкүнүчтөрүн өз ичинде гана сактап аларды болушөөр жакын адамдары жок болгондуктан ал бул дүйнөнү жек көрүп баштады. өзу жакшы балалыкты, камкордукту көрбөгөндүктөн ичинен баардык тең-туштарына да ошондой жаман жашоону каалачу. Ушул сезимдер өөрчүп олтуруп аны качан гана бут баардык адамдар ал көргөн жаман жашоону көргөндө гана өзүн бактылуу сезем деген ишенимге алып келди. Күндөрдүн биринде тентип жүргөн таштанды күчүк табып алды. Ал күчүккө Ак-Жол деген ат койду да аны багып алды. Таштандылардын арасынан башка чоң иттерге жем болуудан сактап калганы учун Ак-Жол Курманбекке өтө байланып калды. Ар дайым анын артынан калбай ээрчип жүрө турган болду. Ак-жол Курманбек каякка барса ошол жакка барчу, эки дос уктаганда да бирге укташчу болду. Курманбекти кандайдыр бир себептер менен бир канча саатка көрбөй калса кожоюнун көрөөрү менен анын колу бутун жалагылап, Курманбекти өпкүлөп кирээр эле Ак-Жол. Курманбекке да Ак-Жолдун мамилеси өтө жакты.Себеби, эч качан адамдардан жакшылык көрбөгөн Курманбек биринчи жолу иттин баласынан өзүнө ушундай жылуу мамилени жолуктурду. Бара бара Ак-Жол Курманбектин айткандарын так аткарып анын эн жакшы түшүнгөн досу болуп калды. Курманбек Ак-Жолго "олтур!" десе олтурчу, "жат!" десе жатчу, жыгачты ыргытып "алып кел!" дей электе эле чуркап жөнөчү да заматта кожоюнуна алып келип бере турган денгээлге жетип калды.
Ак-жолдун жардамы менен Курманбек өзү жек коргон адамдардан өчүн алууну чечти. Биринчиден ал Ак-Жолду тоок этине үйрөттү да андан кийин Ак-Жол Курманбекти айттырбай эле коңшу-колоңдун тоокторун чекеден кырып жеп кирди. Кыска убакытта айылда дээрлик бир да тоок калбай калды. Бул нерсе Курманбекке өтө жакты, ичинен "азаматсың Ак-жол" деп сүйүнүп жүрдү. Ак-жол бара-бара өтө кабанаак итке айланды. Эми ушундай кабанаак досу болгондон кийин Курманбек эч кимден коркпой да калды. Тең туштары ойноп жаткан жерге Ак-жол экөөсү жашырынып барышчу да алар күтпөй турган жерден кабанаак итти алардын үстүнө салдырып жиберээр эле да өзү жашынып алып каткырып тамшанып карап турар эле...
Элдин көпчүлүгү Ак-жолду "Кара-Жол" деп атап калышты. Коп жолу "Ак-Жолду тыйгыла!" деп Курманбектин үй-бүлөөсүнө арызданышты бирок эч кандай майнап чыкпады.

(Уландысын илхам келгенде дагы жазам...)

среда, 16 января 2008 г.

Создун кенин казгыла, окшоштук менен жазгыла!

Акыркы кезде блогго жаза турган эч нерсе деле жок жана жазганы конул дагы жок...
Откондо колума университеттин "СтудTimes" гезитинин эски бир номери тийип калып ошол жерден студенттердин мына бул кызык креативдерин жактырып калдым.

Жайлоодогу жомогум

Жолдошалиев Жаёылбек Жаныбекович жайлоодо жадырап жайнап ж\рът. Жылмайып, жолдошторунун жанында жагымдуу, жыпар жыттуу жайлоонун жоогазынын жыттап жатат. Жоогазынды жыттаганда жаман жагынан жагымсыз жыттар жыттанды. Жанында жаткан Жанара жагымсыз жытты жыттап жогорудагы жагымыз жаёылышты жеёесине жеткизди. Жеёеси Жаёылбекке жыртаёдады. Жаёылышкан Жаёылбек жалпаёдап жылып жънъд\ жана жеёесине жалтаёдады.

Жаёылбек жаман, жаёгак жеп жатып жаёгактан жыгылып жамбашы жерге жабышты. Жаёылбек жинденди. Жонун жаёгактын жыгачы жыртканда жанына жолдоштору Жыргалбек жана Жамал жетип, Жаёылбекке жардамдашышты. Жыргаган жигиттер жылмайып, жогорулап ж\г\р\шт\. Жолдо жылдыздуу Жамийла жана Жийдег\л ж\ргън. Жанынан ж\г\ргъндъ Жаёылбек Жийдег\лд\ жана Жамийланы жыгытып жиберди. Жаёылбекке Жийдег\л жакпады, Жамийла жакты.

Жаёылбек жана Жамийла жуманын жекшембисинде жайлоодо жолугушушту. Жамийлага Жаёылбек жоогазындан жулуп, жарым-жартысын жиберди. Жамийла жарым-жартылай жоогазынды жыттап жамалы жайнады. Жыргаган жаштар жылкыдаржын жанында жарма жана жарым-жашык ж\з\м жеп жатышты. Жамгыр жаап, жаандан ж\г\р\р ж\р\п, жашыл жалбырактарга жашынышты. Ж\г\р\п ж\р\шкъндъ Жаёылбектин жакасы жыртылып, Жамийланын жемпиринин жеёинин жиби жулунуп, Жамийла Жаёылбекке жинденди: “Жетишпеген жиндисиё, жогол жездеёдикине, жолугушпайбыз!”

Жаёылбекжалдырап Жамийлага жалынды. Жамийла жылмайган жок. Жалдыраган Жаёылбек жинденип, Жамийланы жети жолу жерге жыкты…

Жаштар жазган жомогум жатыбы? Жакпаса жагып же жыртып жибергиле.

АиАХ-04,

Кайназарова Г\лнара

Мунусу болсо бир аз олуттуураак:

Кылым Карыткан Кыргыздар.

Канчалаган кылымдарды карыткан калкты Кыргызстан камтыйт. Кыргыздар к\чт\\, кадырдуу калк. Коёшу калктар Кыргыздардан коркушкан. Карама-каршы келсе къз каратканга к\чтър\ келбей кырылып кайра кетч\. Кыргыздар къптъгън к\ръштърдъ кылычын колго кармап, калпагын кийип, кармашып келишкен.

Кыргыздын келин-кыздары кызгалдактай къркт\\, къг\чкъндъй кооз келишет. Кудалашып келгендерге калыёын кымбат коюшкан. Келечекти кър\п келгендей Калыгул кептерди куюштуруп, кыска композицияларлы калтырып кеткен. Кийин Калыгулдун кептери Кыргыз калкынын казынасына кирип, кылымдарга калып калды.

Кыргыз калкынын кийими катары калпак, кендегей, кур, кътъгън кирген. Калпакты кооздошко кызгылт, кара-кычкыл кебез, кийиз керектелген. Кендегей - Кыргыздардын к\ръштъ кийген, кенен келген кашатындагы къёдъй\нъ кайыш коюлган кийим. Кемери к\м\штън куюлуп, кооздолуп, кишинин кайсыл куракка келгенин кърсътът. Кементай – кийизден кылынган кедейлердин кийими.

Къё\лд\ кътъргън кыл-кыяк, комуз к\\с\, Кыргызды кызарткан кымыздын кычкылдыгы Кыргыздарга керемет келет.

МО-2-05, Узбекова.



ENJOY!

понедельник, 31 декабря 2007 г.

2008 - Жыл Келди!

Жаны Жылыныздар Менен, ЛКнын окурмандары!

2008- жыл баардыгыбыз учун жакшы жылдардан болуп ар кимибиз оз койгон максаттарыбызга жетип, ашыктар бири-бирине жетип, ашык эместер суйгондорун табып бактылуу жылдардан болсун.

Жаны жыл башталганынан жарым саат отпой туруп жердин титиреши ылайым жакшылыктардын жышааны болсун Кыргыз эли учун!

четверг, 20 декабря 2007 г.

Кантип университеттерде паракорлукка каршы курошуу керек?

Университетте сессия башталып баштала элек Агай, мага зачет алып беринчи, мына бул агай(эжей) акча сурап койбой жатат ж.б.д.у.с кайрылуу, сураныч, ът\н\ч, арызданууларды уга баштадым къп студенттерден. Балким таё калаарлык кър\нъър, бирок мен 23 жашка чыгып жатып дагы эле пара беришти билбейм(Кудайга ш\г\р), эмнеге дегенде мен ъм\р\мдъ бир да жолу берип къргън эмесмин. Мен окуган жерде мугалимге пара берип баа алуу деген нерсе ойго да келбейт элеА бул жерде биринчи курстан баштап эле студенттер ошого \йрън\шът да натыйжада биздин университеттер келечектин кадрларын даярдабай эле келечектин коррупционерлерин даярдайт экен.

Бирок тилекке каршы мен эч кандай жардам бере албайм андай студенттерге. Чын эле, эмне ошол пара сураган мугалимге барыпБул кылган ишиниз уят эмеспи,” - деп айта албайм да. Анда дароо эле мени эртеси университеттин б\т мугалимдери терс къздър\ менен карайт дагы мен ъз\м эле кетип кала турган болсом керек бул жерден (чын-чынына келгенде мени бул жерде эч нерсе деле кармап турбайт, бирок, ошентсе да…).

Анда кантип университеттерде паракорлукка каршы к\ръш\\ керек? Кантип студенттердин укугун коргош керек?

Ушул суроонун берилип жатканы ъз\ биздин коомдун канчалык ыплас абалга келип калганын делилдейт. Цивилизациялуу коомдо мындай суроолор адамдарга жапайы кър\н\ш керек.

Мындай укук коргоо деген нерселерге келгенде чайник болсом да менин оюм мындай:

Студенттердин укуктарын коргой турган уюм т\з\л\ш\ керек жана ар бир университетте же шаарда ошол уюмдардын ък\лч\л\ктър\ ачылышы керек. Ощол ък\лч\л\ктърдъ студенттер \ч\н тренингдер ъткър\л\п, кантип пара бербъъ керек, кантип андай мугалимдер менен к\ръш\\ керек, кантип студенттер ъз укуктарын коргошу керек ж.б.д.у.с нерселер \йрът\л\п жана андай проблемалары бар студенттер ал жерлерге кайрылса аларга жардам кърсът\л\ш\ керек.

Дагы бир суроо: Ушул нерсени уюштуруп ишке ашырса болобу же бул утопиябы? Эгер болсо анда кантип?

Маселенин экинчи жагы да бар: Къп студенттер тилекке каршы ъздър\ пара сунуш кылышат экен мугалимдерге эптеп тезирээк сессияны жапсам деп. Ъзгъчъ мындай нерсени группалардын старосталары кылышат экен. Эмнеге дегенде эгерде староста мугалим менен “акча жыйнап берем группадан” деп келишсе анда старостага бааны ал мугалим бекер коюп берет экен. Мен башында таё калып ж\ръ берипмин эмне эле бул жерде къп студенттер староста болгонго умтулушат деп. Кърсъ старосталарга “льготалар” жана “бизнес” кылганга м\мк\нч\л\ктър т\з\лът турбайбы. Мугалим менен староста гана “договориться” эткендиктен ал мугалимдин канча сураганын бир гана староста билет да староста анын \ст\нъ акчаны дагы кошуп айтып натыйжада бааны бекер гана албастан ага кошумча “прибыль” да кърът экен.

Узун създ\н кыскасы, шумдук…

пятница, 14 декабря 2007 г.

Комментарийге жооп

Кечээ Мирсулжан деген блоггерден томонку комментарийди алдым:

“Кандайсыз Лаборант байке! :), сиздин атынызды билбегендиктен алигече Лаборант байке деп жатамын :).

Сиз менин жеке блогумду дагы, анан Neweurasia'ны дагы окуйт экенсиз. Рахмат! Эгерде Neweurasia'га жазгыныз келсе, мага кайрылыныз, мен ар убакта сизге аккаунт ачып берууго даярмын.

Баса, ушул сиздин постунуз тууралуу бул жерге "пиарить" эткенсидим :))-
http://kg.kyrgyzstan.neweurasia.net/?p=118

Баса, Бешимов агай кандай идеяларды айтты? Ошолорду дагы жазсаныз, мага кызыктуу, мага эле эмес, баарыбызга кывзыктуу боло тургандай.”

Комментарийге комментарий менен жооп берейин десем ото эле узун болуп кетти эле озунчо эле постинг кылайын дедим:

Алейкум салам Мирсулжан.

Рахмат биринчи болуп комментарий калтырганына жана PRить эткенине. Neweurasia'га жазгыдай менин жазуучулук онорум силердикиндей жакшы денгээлде эмес да:)Рахмат, жаза турган бир нерсе тапсам сага кайрылам.

Бешимов агай коп эле нерселерди айтты, бирок анын баары тилекке каршы эсте да калган жок. Ток этер жерин айтсам, Кыргызстандын географиялык абалын оз пайдабызга колдонушубуз керек биринчиден. Сингапур, Индия сыяктуу олколорго окшоп информациялык технологиялар боюнча жана башка нерселерди сервис

кылышыбыз керек, ошого ылайык кесиптерге окутканы жонотушубуз керек жаштарды. Аларга кызмат шарттарын тузуп берип, оздору кыска убакыт ичинде башка жаштарга кызмат тарды тузо турган болуш керек...

Дагы эсте калганы, биздин табиятыбыз бай жана тилекке каршы изилдене элек...Канчалагн дары чоптор жана башка нерселер бар, баалу кендерди айтпай эле кой...Химия, биология физика адистиктерин онуктуруп ошол табигый байлыктарыбызды изилдеп анын аркасынан пайда корушубуз керек...

Кечирим сурайм, “память” деген нерседен кэмирээк бериптир Кудай.

Озу менин да 5 ай мурун, окуну жаны бутуп келгенимде идеям жана пландарым ушундай эле. Оштогу Улуттук Илимдер Академиясынын Туштук Болумуно ишке орношком, кенже илимий кызматкер болуп. Менин идеям дары чопторду, алардын составындагы биологиялык дары касиеттери бар заттарды изилдегим келет деп айтсам ал жердин директору башын ийкеп “жакшы, жакшы, кылыш керек” деп коюп эч кандай колдоо корсоткон жок. Илимий топ тузолу, ишти баштайлы анда десем, бизде андай илимий иштеди кылганы шарт жок деп койду.

Карасам ал жерде эч ким эч нерсе кылышпайт экен. Кундо жон эле ишке келип олтуруп олтуруп кетишет…анан айдын аягында уялбай айлык алышат. Июль август ичи ошол жерде журдум…бул жерде эч кандай перспектива жок экен дедим да университетке кетип калдым…эч болбосо сабак берип бир аз болсо да пайда келтирерлик иш кылайын деп …

Бирок, бул жерге келип алып да ыраазы болбой журом...бирок ал уже башка постингдин темасы ….